Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Март 2026 ж. 16:05
Көрүлдү: 167
4-мартта Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк дүйнөсүнүн балдар оюндарына арналган мугалимдерди окутуу программасынын алкагында кыргыз элинин салттуу балдар оюндары тааныштырылды.
Иш-чара улуттук оюндардын тарбиялык, этнопедагогикалык жана маданий маанисин ачып көрсөтүүгө багытталды.
Программанын жүрүшүндө боз үй тигүү өнөрү оюн форматында көрсөтүлүп, анын балдарды эмгекке, жоопкерчиликке жана биргелешкен аракетке тарбиялоодогу ролу белгиленди. Ошондой эле «Беш таш», «Беш коргол», «Айлампа», «Ачакей-жумакей» сыяктуу чүкө оюндары, «Төө ашуу – Долон» оюну жана чий куурчак менен ойноо ыкмалары практикалык негизде сунушталды. Айрыкча кыргыздын чүкө оюндары чет өлкөлүк катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Иш-чара “Маариф” билим берүү комплексинин базасында өтүп, жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, кыргыз балдар оюндарын Түрк дүйнөсүнүн бирдиктүү оюндар жыйнагына киргизүү демилгеси талкууланды.
Программа түрк элдеринин маданий байланыштарын чыңдоого жана салттуу балдар оюндарынын тарбиялык мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга багытталган маанилүү аянтча болуп калды.