Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Март 2026 ж. 11:22
Көрүлдү: 242
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жетекчилиги Баткен облусуна эки күндүк иш сапары менен барды. Министр Догдуркүл Кендирбаева жетектеген топтун курамында министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери бар.
3-мартта министрликтин жетекчилиги Раззаков шаарындагы №48 кесиптик лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышып, билим берүү уюмунун жамааты менен суроо-жооп форматында ачык талкуу өткөрдү.
Мындан тышкары, Лейлек районундагы жаңы курулуп бүткөн «Ак шоола» мектепке чейинки билим берүү уюмунда болушуп, бала бакчанын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар айтылды.
4-мартта, иш сапарынын экинчи күнүндө, Баткен районунун жана Баткен шаарынын мектеп директорлору менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда билим берүү процессинде министрлик тарабынан иштелип чыккан санариптик платформаларды колдонуу, окуу китептеринин жеткиликтүүлүгү жана пайдаланылышы, мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле предметтик стандарттарды ишке ашыруу маселелери талкууланды.