Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
3 Март 2026 ж. 17:16
Көрүлдү: 130
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, санариптик өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары Лира Самыкбаева, Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов жана «Окуу китеби» басма үйү” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Аида Ишеналиева 2026-жылдын 3–4-март күндөрү Баткен облусуна иш сапары менен барышты.
Иш сапардын алкагында 3-мартта Раззаков шаардык мэриясынын имаратында билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда санариптик платформаларды колдонуу, окуу китептеринин жеткиликтүүлүгү жана пайдаланылышы, мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле предметтик стандарттарды ишке ашыруу маселелери талкууланып, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди.
Жыйындан соң министр жарандарды жеке кабыл алып, кайрылууларын угуп, айрым маселелер жеринде чечилди.