БИЛИМ БЕРҮҮ ОБЪЕКТТЕРИН КУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ КАРАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

3 Март 2026 ж. 12:07

Көрүлдү: 208

Бүгүн, 3-мартта, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү уюмдарын куруудагы артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты. Азыркы учурда мектептерди жана бала бакчаларды курууда аймактык теңсиздик орун алып жатканы белгиленип, жаңы объекттерди пландаштырууда оптималдаштыруу механизмдерин киргизүү зарылдыгы айтылды.

Агартуу министри тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө өлкө аймактары боюнча демографиялык көрсөткүчтөрдүн негизинде талдоо жүргүзүү тапшырмасын берди. Талдоонун алкагында балдардын санына жараша билим берүү уюмдарын тең салмактуу жайгаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу милдети коюлду.

Жыйынтыгында, Агартуу министрлиги мектептерди долбоорлоо жана куруу процессинде инфраструктуралык жеткиликтүүлүктү, санитардык-гигиеналык шарттарды, эмгекке окутуу класстарын, ошондой эле инклюзивдик билим берүү стандарттарын эске алуу сунушун киргизди.

Өз кезегинде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү билим берүү объекттерин курууда сунуштарды эске ала турганын билдирип, мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты улантууга даяр экенин белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар