Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
2 Март 2026 ж. 15:10
Көрүлдү: 409
Бүгүн, 2-мартта, Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов жана Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынына катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары Надира Джусупбекова “Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан окуу китептери менен камсыз кылуу, 2025/2026-окуу жылына мектептик каникулдардын графигин рационалдуу түзүү жана тарбия иштери боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө” аталыштагы баяндама жасады.
Баяндамада окуу китептери менен камсыз кылуу багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштер, алдыдагы окуу жылына карата мектептик каникулдардын графигин оптималдаштыруу маселелери жана тарбия иштерин өркүндөтүү боюнча пландалган чаралар тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле жыйындын алкагында депутаттар тарабынан билим берүү тармагына байланыштуу берилген суроолорго жооп берилип, сунуштар алынды.