БИШКЕКТЕ МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН УЛУТТУК ЖАНА ТҮРК ОЮНДАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУЛАР БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

2 Март 2026 ж. 12:43

Көрүлдү: 273

Бүгүн, 2-мартта, Бишкек шаарында Түрк дүйнөсүнүн балдар оюндары фестивалынын алкагында мугалимдер үчүн окутуулар башталды. Иш-чара салттуу балдар оюндарын жайылтуу, түрк мамлекеттеринин балдарынын маданий байланыштарын чыңдоо, ошондой эле балдар оюндары боюнча бирдиктүү архив түзүү максатында уюштурулууда.

post.title

Окутууларга Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова жана Түркия Республикасынан келген тренерлер катышууда. Иш-чара “Маариф” билим берүү комплексинин базасында өткөрүлүүдө.

Программанын алкагында Түркия тараптан 4, Кыргызстан тараптан 4 улуттук балдар оюну тааныштырылып, аларды түрк мамлекеттеринин арасында жайылтуу боюнча усулдук иштер жүргүзүлдү.

Окутууларга Кыргызстандан 30 мугалим жана тарбиячы катышууда. Иш-чара 3 күнгө созулат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар