2025-ЖЫЛЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН КАМТУУ 51% ТҮЗДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

27 Февраль 2026 ж. 16:34

Көрүлдү: 173

2025-жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 2344 бала бакчада 51%ды же 3–5 жаштагы 320 миң 13 баланы түздү. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы алдында өткөн Республикалык кеңешмеде жасаган баяндамасында билдирди.

post.title

Анын айтымында, республика боюнча иштеп жаткан 2344 бала бакчанын 490у жеке менчик. 2024-жылга салыштырмалуу бала бакчалардын саны 347ге көбөйгөн.

Республика боюнча 560 жамааттык (кыска мөөнөттүү) бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүп, 32 200 бала камтылды. Ошондой эле мектепке чейинки ваучерлерди берүү balalyk.edu.gov.kg платформасы аркылуу автоматташтырылды. Атайын колдоо программалары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга айына 2000–4560 сом өлчөмүндө компенсация алууга мүмкүнчүлүк берди.

Ваучер алуу үчүн ата-энелерден жана мыйзамдуу өкүлдөрдөн жалпысынан 1236 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 572 арыз Социалдык маселелер боюнча комиссия тарабынан каралган. Натыйжада 477 бала ваучер статусуна ээ болуп, жеке менчик бала бакчаларга барышууда (1000 арыздын 47,7%). “Балалык” системасында ваучер алууга укуктуу уюмдар катары жалпысынан 258 жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюму катталган.

Мындан тышкары, “Балалык” автоматташтырылган маалымат платформасында менчигинин түрүнө карабастан республикадагы бардык бала бакчалардын бирдиктүү реестри түзүлдү.

Ошондой эле 2025-жылы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 25 бала бакчанын имараты баштапкы максаты боюнча пайдаланууга кайтарылды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар