ӨЛКӨ БОЮНЧА БИЛИМ БЕРҮҮ ОБЪЕКТИЛЕРИ ЖАҢЫЛАНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

27 Февраль 2026 ж. 15:51

Көрүлдү: 77

2025-жылы 117 мектеп салынып жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү, анын ичинен 76сы жаңы объект, 41и капиталдык оңдоодон өткөн мектеп. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

post.title

Анын айтымында, жүргүзүлгөн курулуш иштеринин натыйжасында 17 000 кошумча окуучу орун түзүлдү.

Акыркы беш жыл ичинде, тактап айтканда 2021-2025-жылдары аралыгында жалпы 673 объекттиси бүткөрүлүп, анын ичинен 394 мектеп, 147 бала бакчанын курулушу, 114 мектеп жана 18 бала бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү.

Маалымат үчүн: учурда Кыргызстанда 2394 жалпы билим берүүчү мектеп иш алып барууда. Анда 1 536 633 окуучу билим алууда. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 45 800 окуучуга көп.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар