КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТӨРАГАЛЫГЫ АСТЫНДА ӨТКӨН РЕСПУБЛИКАЛЫК КЕҢЕШМЕ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

27 Февраль 2026 ж. 15:46

Көрүлдү: 66

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы астында өткөн Республикалык кеңешмеде баяндама жасап, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык тармактын ишинин натыйжалары, анын ичинде билим берүү тармагындагы жетишкендиктерге токтолду:

post.title

Билим берүү жана адам капиталын өнүктүрүү боюнча:

- 2025-жылы билим берүү тармагына 75,3 млрд сом бөлүнүп, 2021-жылдагы 40,7 млрд сомго салыштырмалуу каржылоо 85 пайызга көбөйдү.

- Мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы камтылышы 2021-жылдагы 22 %дан 51%га чейин өстү.

- 2025-жылы 117 мектеп салынып жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү, анын ичинен 76сы жаңы объект, 41и капиталдык оңдоодон өткөн мектеп.

- Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу массалык түрдө жүргүзүлүп, 41 081 педагогикалык кызматкер окуудан өттү.

- Республика боюнча 560 жамааттык (кыска мөөнөттүү) бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлдү.

- 2025-жылы жаңы 41 бала бакча курулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар