АГАРТУУ МИНИСТРИ РЕСПУБЛИКАЛЫК БОРБОРДУН ЖАНА КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

26 Февраль 2026 ж. 15:48

Көрүлдү: 335

Бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрликке караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

post.title

Министр борбордун имаратын, иш кабинеттерин жана жер тилкесин кыдырып чыгып, эмгек жамааты менен жыйын өткөрдү. Жыйынга министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары, аталган борбордун, Кыргыз билим берүү академиясынын, ошондой эле №94, №91 жана №20 кесиптик окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында борбордун учурдагы иши тууралуу маалымат угулуп, мындан аркы ишмердүүлүктү өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Негизги тапшырмалардын бири шахмат секциясын киргизүү боюнча так план иштеп чыгуу, мугалимдер үчүн комплекстүү методикалык коштоо даярдоо, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, мугалимдер менен окуучулардын арасында спартакиадаларды уюштуруу, ошондой эле санариптик көндүмдөрдү калыптандыруу болду.

Министр борбордун имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экенин белгилеп, бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий кат жөнөтүлөрүн билдирди.

«Өлкө боюнча аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия мугалимдерин даярдоочу борбор болушу керек. Анын саясатын, стратегиясын, ошондой эле тиешелүү нускамаларын жана жоболорун иштеп чыгуу зарыл. Бул иштер мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын камтууга тийиш. Кенже курактагы балдарды акылдуу оюндар, улуттук оюндар аркылуу өнүктүрүүнүн методикаларын иштеп чыгуу маанилүү», - деди Д. Кендирбаева.

Ошондой эле министр №20 кесиптик лицейдин окуу имаратын, жер тилкесин жана жатаканасын да көрүп чыгып, окуучулардын сабактарына катышты. Жетекчиликке билим берүү процессин жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар