БИЛИМ БЕРҮҮ ИШИН ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАРТИБИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

26 Февраль 2026 ж. 14:28

Көрүлдү: 314

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан “Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу билим берүү ишин лицензиялоо тартиби

post.title

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (мындан ары – министрлик) жалпы (башталгыч, негизги, орто) билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү, ошондой эле балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө лицензиялоо жүргүзөт.

Бул тартип Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген “Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө” жобонун (мындан ары – Жобо) талаптарын ишке ашыруу максатында министрликтин билим берүү ишине лицензияларды берүү, кайра жол-жоболоштуруу, колдонулушун токтотуу боюнча ишин тартипке келтирүү максатында иштелип чыкты.

2. Министрлик тарабынан лицензиялоо жол-жобосун жүргүзүүдө төмөнкү принциптер сакталат:

1) лицензиялоо жол-жоболорунун ачыктыгы, айкындуулугу;

2) менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жактар үчүн лицензия берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары;

3) лицензиялоого тийиш болгон ишке байланыштуу кошумча лицензияларды берүүгө тыюу салуу;

4) эгер башкасы далилденбесе жана документтер менен негизделбесе, лицензия алуучунун ак ниеттүүлүгүн таануу;

5) рынокто монополизмдин күчөшүн же лицензиялоодо ишкердик иштин эркиндигин чектөөнү болтурбоо;

6) эл аралык келишимдерге ылайык келген шарттарда башка мамлекеттерден алынган же бир тараптуу тартипте таанылган Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган лицензияларды таануу;

7) лицензиялык контролду республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана жүзөгө ашыруу. Лицензия берүүчүлөргө лицензиялык контролдоону (мониторингди) лицензия алуучунун каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен жүзөгө ашырууга тыюу салуу.

3. Министрлик тарабынан билим берүү ишин лицензиялоо жол-жобосу “Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасы (https://license.edu.gov.kg/) (мындан ары – автоматташтырылган система) аркылуу жүргүзүлүп,  билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия жана анын тиркемеси электрондук документ түрүндө берилет.

4. “Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасын пайдалануу менен лицензиялоодо лицензияларды берүү, кайра жол-жоболоштуруу, токтото туруу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу менен байланышкан бардык процесстер электрондук түрдө жүргүзүлөт.

5. Арыз ээсинен документтерди кагаз түрүндө берүү талап кылынбайт.

6. Кагаз түрүндө берилген лицензияга өзгөртүү киргизгенде, жаңы тиркемелерди бергенде, кайра жол-жоболоштурганда кагаз лицензия электрондук форматка өткөрүлөт.

7. Пайдалануу кагаз түрүндө берилген лицензиялардагы маалыматтарды өзгөртпөстөн электрондук форматтагы лицензияга өткөрүү лицензиаттын ыктыярдуу арызынын негизинде жүргүзүлөт.

8. Электрондук лицензия берилген күндөн тартып лицензиянын кагаз түрүндөгү бланкасы жараксыз болуп эсептелет.

9. Билим берүү ишине берилген лицензия ажыратылгыс, мөөнөтсүз.

10. Билим берүү ишин лицензиялоодо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:

арыз ээси (лицензия алуучу) - лицензия алуу үчүн министрликке кайрылган юридикалык жак;

лицензиялоо - лицензияларды берүү, кайрадан жол-жоболоштуруу, токтотуп коюу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу менен байланышкан процесс;

лицензия – билим берүү ишин жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу документ;

лицензия берүүчү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан лицензиялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган (министрлик);

лицензиат - лицензия алган  юридикалык жак;

лицензиялык контролдоо - лицензиялык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча министрликтин иши;

лицензиялардын реестри - кагаз жүзүндө же электрондук форматта лицензиялар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы;

лицензияга тиркеме - лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, лицензия алуучунун билим берүү программасын ишке ашырууга болгон укугун ырастоочу документ.

лицензияга чейинки текшерүү – лицензия алуу үчүн арызда көрсөтүлгөн билим берүү программасы боюнча билим берүү ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кадрдык камсыздоонун, материалдык-техникалык базанын, окуу-методикалык материалдардын жана документтердин бар экендиги жана алардын белгиленген лицензиялык талаптарга ылайык келүүсү боюнча юридикалык жактын ресурстарына жана шарттарына баа берүү, б.а. арыз ээсинин лицензиялык талаптарга шайкеш келишин баалоо.

электрондук лицензия - кагаз жүзүндөгү лицензияга мааниси бирдей, маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жол-жоболоштурулуучу жана берилүүчү электрондук документ формасындагы лицензия.

 

II. Билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берүү тартиби

11. Билим берүү ишине лицензия юридикалык жактарга берилет. Лицензия алуу боюнча арыз жана ага тиркелүүчү документтер министрликке автоматташтырылган система аркылуу жөнөтүлөт.

12. Арызда юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (эгер бар болсо) жана уюштуруу-укуктук формасы,  юридикалык дареги жана жайгашкан жери,  электрондук почтанын дареги, лицензиялануучу билим берүү программасы(лары) көрсөтүлөт.

13. Лицензияны жана лицензиянын тиркемесин алууга берилүүчү арыздардын формалары министрлик тарабынан бекитилет.

14. Арызга тиркелүүчү документтер:

- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;

- юридикалык жактын уставы;

- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;

- имараттарга жана жайларга менчик, ыкчам башкаруу же ижара укугун ырастоочу документ;

- санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын имараттардын жана жайлардын санитардык ченемдерге жана эрежелерге ылайык келиши жөнүндө акт түрүндөгү корутундусу;

- имараттардын жана жайлардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келиши жөнүндө өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;

- арыз ээси тарабынан бекитилген лицензиялануучу билим берүү программасы боюнча окуу планы;

- билим берүү ишин жүргүзүү үчүн имараттардын жана жайлардын болушу жөнүндө маалымат;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим алуусу үчүн атайын шарттардын болушу жөнүндө маалымат;

- билим берүү ишин окуу-методикалык жактан камсыз кылуу жөнүндө маалымат;

- билим берүү ишин кадрлар менен камсыз кылуу жөнүндө маалымат.

- диний уюмдар (бирикмелер) үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бир диндин башка динден артыкчылыгын пропагандалоонун, диндерди сындоонун, этностор аралык жана конфессиялар аралык кастыкка чакыруунун, билим берүү программасынын мазмунундагы радикализмдин, экстремизмдин, билим берүү ишин кадрдык жана окуу-методикалык жактан камсыз кылуунун белгилери жок экендиги боюнча корутундусу;

- арыз ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү арыз берген учурда министрликке арыз жана тиркелген документтерди берүү укугуна ишеним каты;

15. Лицензияны берүүдө, кайра тариздөөдө, дубликатын берүүдө мамлекеттик алымды алуу салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

16. Лицензия алуу үчүн арызга тиркелген документтердин укуктуулугу, аныктыгы жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик лицензия алуучуга жүктөлөт.

17. Лицензия, лицензиянын тиркемелерин берүү жөнүндө арыз жана ага тиркелген документтер автоматташтырылган система аркылуу келип түшкөндө министрликте электрондук документ жүргүзүү системасына катталат.

18. Лицензиялык иш (лицензиялык дело) арыз катталган күнү электрондук форматта автоматташтырылган системада түзүлөт.

19. Лицензия берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия берүү жөнүндө арыз жана ага тиркелген документтер катталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

20. Жеке менчик жалпы билим берүү уюмдарына лицензия берүү жол-жобосу министрлик тарабынан 20 күндүн ичинде ишке ашырылат.

21. Арыз жана ага тиркелген документтер электрондук документ жүргүзүү системасына катталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде министрликтин лицензиялоо боюнча түзүмүнүн тиешелүү адисине кароого жөнөтүлөт.

22. Арызды жана ага тиркелген документтерди кароо лицензияга чейинки текшерүү катары жүргүзүлүп, текшерүүнүн негизинде адистин корутундусу 10 жумуш күндүн ичинде даярдалат. Жобонун өзгөчө бөлүгүнүн 61-главасында каралган документтер жана талаптар лицензияга чейинки текшерүү менен бир убакта жүргүзүлөт.

23. Лицензияга чейинки текшерүүнүн предмети болуп арыз ээсинин лицензиялык талаптарга шайкеш келиши саналат.

24. Лицензияга чейинки текшерүүнү жүргүзүү лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө объективдүү чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.

25. Лицензияга чейинки текшерүү тапшырылган документтердин негизинде гана лицензия алуучу окуу жайына барбастан арыз ээсинин ак ниеттүүлүк принцибине таянуу менен жүргүзүлөт.

 26. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду лицензияга чейинки текшерүү барагы катары толтурулуп, текшерүү актысына тиркелет, лицензиялык текшерүү актысына жана барагына министрликтин текшерүү жүргүзгөн кызматкери кол коёт.

27. Документтерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт толтурулгандан кийин арыз ээсине лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө автоматташтырылган система аркылуу токтоосуз маалымдалат.

28. Арыз ээси текшерүү актысы менен автоматташтырылган системада 2 жумуш күндө таанышып, кол коёт. Текшерүү барагында көрсөтүлгөндөр менен макул болбогон учурда өзүнүн негиздемесин көрсөтүү менен кол коет.

29. Текшерүү актысына министрликтин лицензиялоо боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жана министрдин лицензиялоо маселелери боюнча орун басары (же анын милдетин аткаруучу) кол коет.

30. Текшерүү актысы кол коюлган учурда кабыл алынуучу чечимдин долбоору автоматташтырылган системада министрликтин буйругу катары автоматтык түрдө түзүлөт жана тиешелүү тартипте электрондук документ жүргүзүү системасы аркылуу таризделет.

31. Лицензия берүү же лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйрук *.pdf форматта автоматташтырылган системага жүктөлөт.

32. Лицензия берүү жөнүндө буйрук чыккан учурда электрондук лицензия түзүлүп, берилген лицензиялардын реестрине маалымат киргизилет.

33. Лицензия берүүдөн баш тартылгандан кийин Жобонун 52-пунктунун негизинде арыз ээси тарабынан лицензия берүүдөн баш тартуунун негиздери автоматташтырылган системада четтетилген учурда арыз кайрадан каралат.

 

III. Билим берүү ишин жүргүзүүгө берилген лицензияны

кайрадан тариздөө

34. Лицензия төмөнкү учурларда кайра таризделүүгө тийиш:

1) юридикалык жакты кайра уюштурууда;

2) юридикалык жактын аталышын өзгөртүүдө;

3) юридикалык жакты реструктуризациялоодо.

35. Лицензияны кайра тариздөө үчүн автоматташтырылган система аркылуу негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүп, тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз министрликке лицензиат тарабынан жөнөтүлөт.

36. Лицензияны кайра тариздөө үчүн арыз ушул тартиптин 27-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер пайда болгон күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде берилет.

37. Кайра тариздөө документтери (юридикалык жактын күбөлүгүнүн жана уставынын, төлөм дүмүрчөгүнүн, лицензиянын көчүрмөлөрү) лицензиаттын лицензиялык делосуна  тиркелет.

38. Лицензияны кайра тариздөө (кайра тариздөөдөн баш тартуу) жөнүндө чечим ага тиркелген документтер менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз катталган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.

39. Лицензияны кайра тариздөө же кайра тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде лицензиатка автоматташтырылган система аркылуу жөнөтүлөт.

40. Кагаз жүзүндө берилген лицензияны кайра тариздөөнүн жыйынтыгында электрондук лицензия берилет жана берилген лицензиялардын реестрине киргизилет.

 

IV. Билим берүү ишин жүргүзүүгө берилген лицензиядагы маалыматтарды өзгөртүү

 

41. Мыйзамдын 24-беренесинин негизинде лицензия жана лицензияга тиркеме берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарды өзгөртүү лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналбаган өзгөрүүлөр болгон учурда лицензиаттын кабарлоосунун негизинде жүргүзүлөт.

42. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналбаган өзгөрүүлөргө билим берүү уюмунун юридикалык жана/же жайгашкан дареги өзгөргөн учурда, билим берүү программасынын аты өзгөрбөстөн ишке ашыруу мөөнөтү өзгөргөн учурда киргизилет.

43. Кагаз жүзүндө берилген лицензияга өзгөртүү киргизүү юридикалык жактын юридикалык дарегин жана жайгашкан дарегин өзгөртүү үчүн лицензиат тарабынан кабарлоо жиберилет.

44. Билим берүү программасынын аты өзгөрбөстөн ишке ашыруу мөөнөтү өзгөргөн учурда лицензиат арыз менен кайрылат.

45. Лицензияга өзгөртүү киргизүү лицензияны электрондук форматка өткөрүү менен жүргүзүлөт.

46. Кабарлоо жана арыз өзгөрүүлөр пайда болгондон кийин көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү менен 10 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө автоматташтырылган система аркылуу берилет.

47. Кабарлоого төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:

- имараттарга жана жайларга менчик, ыкчам башкаруу же ижара укугун ырастоочу документтин;

- санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын имараттардын жана жайлардын санитардык ченемдерге жана эрежелерге ылайык келиши жөнүндө акт түрүндөгү корутундусунун;

- имараттардын жана жайлардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келиши жөнүндө өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун;

- юридикалык жакты каттоо органдарынын же жерге жайгаштыруу органдарынын чечимдеринин.

Билим берүү программасын ишке ашыруу мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө арызга мөөнөттү тастыктаган окуу планы негиз болот.

48. Билим берүү ишин жүргүзүүгө берилген лицензиядагы маалыматтарды өзгөртүүгө мамлекеттик төлөм төлөнбөйт.

49. Маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө кабыл алынган чечим арыз ээсинин жеке кабинетинде жеткиликтүү болот. Министрлик кабарлоо келип түшкөн күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилген лицензиялардын реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

50. Кагаз түрүндө берилген лицензияга өзгөртүү киргизүү арызы келип түшкөн учурда ал лицензия 7 жумуш күнүнүн ичинде өзгөртүү киргизилет.

 

V. Билим берүү ишин жүргүзүүгө берилген лицензиянын колдонулушун токтотуу

51. Лицензиянын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:

1) лицензиаттын лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылуусу;

2) юридикалык жакты жоюу;

3) лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмесинен билим берүү ишин алып салуу;

4) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кирүүсү;

5) лицензияны берүүнү мыйзамсыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кирүүсү;

52. Лицензияны колдонууну мөөнөтүнөн мурда ыктыярдуу токтотуу лицензиаттын автоматташтырылган система аркылуу берилген арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.

53. Ушул тартиптин 51-пунктунун 3-5-подпунктары орун алган учурда автоматташтырылган системага лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалымат министрликтин лицензиялоо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери тарабынан киргизилет.

54. Лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим 5 жумуш күндөн кечиктирбестен кабыл алынат.

55. Лицензияны мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызды алган учурда министрлик пландуу лицензиялык текшерүүдө камтылбаган мезгил үчүн лицензиаттан маалыматтарды суроого укуктуу. Суралган маалыматтар иштин ушул түрүнө карата колдонулуучу лицензиялык текшерүү барагынын чегинен чыга албайт.

56. Арыз жана тиркелген документтер катталган күнү лицензиаттын лицензиялык ишине тиркелет.

57. Лицензияны колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим пландуу лицензиялык текшерүүдө камтылбаган мезгил үчүн лицензиаттан маалыматтарды суроого  байланышкан жагдайлар келип чыккан күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.

58. Чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде кабыл алынган чечим арыз ээсинин жеке кабинетинде жеткиликтүү болот.

59. Лицензияны колдонуу токтотулганда, министрлик лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты берилген лицензиялардын реестрине киргизет.

60. Маалыматтар берилген лицензиялардын реестрине киргизилген күндөн тартып лицензияны колдонуу токтотулду деп таанылат. Кагаз түрүндөгү лицензиянын түп нускасы реестрге маалымат кирген күндөн тартып жараксыз болуп саналат.

 

VI. Лицензияга тиркеме берүү тартиби

61. Билим берүү ишине берилген лицензияга тиркеме лицензиатка төмөнкү учурларда берилет:

1) лицензиянын тиркемелеринде мурда көрсөтүлбөгөн башка билим берүү программаларын кошуу;

2) билим берүү ишин жүзөгө ашырууда жаңы имаратынын дарегин чагылдыруу үчүн.

62. Билим берүү уюмунун ишмердүүлүгүнө жаңы имаратты кошуу максатында лицензияга тиркеме алуу үчүн лицензиат министрликке лицензияга тиркеме берүү жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоону автоматташтырылган система аркылуу жөнөтөт. Кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет:

1) төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү:

- колдонуудагы лицензиянын (эгерде лицензия кагаз түрүндө болсо);

- имараттарга жана жайларга менчик, ыкчам башкаруу же ижара укугун ырастоочу документтин;

- санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын имараттардын жана жайлардын санитардык ченемдерге жана эрежелерге ылайык келиши жөнүндө акт түрүндөгү корутундусунун;

- имараттардын жана жайлардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келиши жөнүндө өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун;

- арыз ээси тарабынан бекитилген лицензиялануучу билим берүү программасы боюнча окуу планынын;

2) төмөнкүдөй маалыматтарды:

- билим берүү ишин жүргүзүү үчүн имараттардын жана жайлардын болушу жөнүндө;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим алуусу үчүн атайын шарттардын болушу жөнүндө;

- билим берүү ишин окуу-методикалык жактан камсыз кылуу жөнүндө;

- билим берүү ишин кадрлар менен камсыз кылуу жөнүндө.

63. Жаңы билим берүү программасына лицензияга тиркеме алуу үчүн лицензиат министрликке төмөнкүлөрдү жөнөтөт:

1) лицензияга тиркемени тариздөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо (жаңы ачыла турган билим берүү программасынын аталышы, юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы,  иш жүргүзүү дареги көрсөтүлөт);

2) төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү:

- колдонуудагы лицензиялардын;

- имараттарга жана жайларга менчик, ыкчам башкаруу же ижара укугун ырастоочу документтин;

- санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын имараттардын жана жайлардын санитардык ченемдерге жана эрежелерге ылайык келиши жөнүндө акт түрүндөгү корутундусунун;

- имараттардын жана жайлардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келиши жөнүндө өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун;

- арыз ээси тарабынан бекитилген лицензиялануучу билим берүү программасы боюнча окуу планынын;

3) төмөнкүдөй маалыматтарды:

- билим берүү ишин жүргүзүү үчүн имараттардын жана жайлардын болушу жөнүндө;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билим алуусу үчүн атайын шарттардын болушу жөнүндө;

- билим берүү ишин окуу-методикалык жактан камсыз кылуу жөнүндө;

- билим берүү ишин кадрлар менен камсыз кылуу жөнүндө;

4) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын диний уюмдар (бирикмелер) үчүн бир диндин башка динден артыкчылыгын пропагандалоонун, диндерди сындоонун, этностор аралык жана конфессиялар аралык кастыкка чакыруунун, билим берүү программасынын мазмунундагы радикализмдин, экстремизмдин, билим берүү ишин кадрдык жана окуу-методикалык жактан камсыз кылуунун белгилери жок экендиги боюнча корутундусу;

5) арыз ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү арыз берген учурда министрликке арыз жана тиркелген документтерди берүү укугуна ишеним каты;

6) берилген документтердин тизмеси.

64. Кабарлама иштин кошумча түрлөрү башталганга же жаңы даректе объект ачылганга чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

65. Лицензияга тиркеме берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) берилген документтерден анык эмес, бурмаланган же толук эмес маалыматтардын аныкталышы;

2) арыз ээсинин документтеринин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук документтерде  белгиленген талаптарга ылайык келбөөсү;

3) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын четтетпөө.

66. Министрликтин лицензияга тиркеме берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечими лицензияга чейинки текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде чыгарылат.

67. Министрликтин лицензияга тиркеме берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйругу лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде автоматташтырылган системада чыгарылат.

68. Лицензияга тиркеме берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 1 жумуш күндүн ичинде кабыл алынган чечим арыз ээсинин жеке кабинетинде жеткиликтүү болот.

69. Тиркеме берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер четтетилген учурда кабарлама белгиленген мөөнөттө кайрадан каралууга тийиш.

70. Арыз ээсинин мурда каралган документтери боюнча арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.

71. Эгерде министрликке кабарлама алган учурдан тартып 15 календардык күндүн ичинде лицензиянын тиркемесин берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө лицензиатка жазуу жүзүндө кабарлабаса, лицензиянын тиркемеси берилди деп эсептелет.

72. Лицензияга тиркеме берүүдө министрлик тарабынан жүргүзүлүүчү процедуралар лицензия берүүдөгү процедуралардын тартибинде жүргүзүлөт.

 

VII. Лицензиянын дубликатын берүү тартиби

73. Кагаз жүзүндө берилген лицензия жоголгон же бузулган учурда лицензиат лицензиянын дубликатын берүү жөнүндө арызы менен автоматташтырылган система аркылуу кайрылат.

74. Кагаз жүзүндө берилген лицензия бузулган учурда арызга бузулган лицензия бланкасынын сканерленген варианты тиркелет.

75. Лицензия жоголгон учурда арызга калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын (табылгалар бюросу) маалымкаты тиркелет.

76. Жоголгон, бузулган лицензиялар лицензиат арыз берген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.

77. Арыз берилген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде лицензиар автоматташтырылган система аркылуу жаңы электрондук лицензия берүү чечимин кабыл алат жана реестрге маалымат киргизилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар