ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАЗГЫ ЭС АЛУУСУ УЗАРТЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

25 Февраль 2026 ж. 9:56

Көрүлдү: 1643

Урматтуу ата-энелер жана мугалимдер! Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы эс алуусу кыскарып калганы тууралуу келип түшкөн кайрылууларды жана өтүнүчтөрдү карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алды.

post.title

Ага ылайык, окуучулардын жазгы каникулу 2026-жылдын 2-мартынан 7-мартына чейин узартылды. Мындайча айтканда, эс алуу мөөнөтүнө кошумча 4 күн берилди.

Окуу планынын толук аткарылышын камсыз кылуу максатында, кошумча берилген 4 окуу күнү май айында окутулат. Натыйжада, 2025–2026-окуу жылы салттуу түрдө 25-майда эмес, 29-майда аяктайт.

Акыркы коңгуроо аземи 2026-жылдын 29-майында өткөрүлөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар