Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
24 Февраль 2026 ж. 14:31
Көрүлдү: 271
Чүй облусунун Букара айылынын О. Текеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттеринин концерти болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылып жаткан «Заманбап Мугалим» программасынын алкагында уюштурулду. Программа мамлекеттик айыл мектептерине ар түрдүү тармактагы адистерди тартууга багытталган.
Концерттин алдында окуучулар үчүн вокал жана сүрөт өнөрү боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Негизги программада театрдын алдыңкы солисттери тарабынан опералык жана элдик музыкалык чыгармалар аткарылды.
Концерт окуучулар жана айыл тургундары үчүн маанилүү маданий окуя болду. Көпчүлүк балдар профессионалдык опера өнөрү менен биринчи жолу таанышышты. Мындай демилгелер балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жана окууга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.