ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫКТАРГА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ТАНДОО ПРОЦЕССИ САНАРИПТЕШТИРИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

24 Февраль 2026 ж. 11:00

Көрүлдү: 406

2026-жылдын 23-февралында Агартуу министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда жыйын өттү. Ага министрдин орун басарлары, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, ошондой эле Республикалык илимий-методикалык борбордун өкүлдөрү катышты.

post.title

Жыйында педагогикалык кызматкерлерди ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүү жол-жобосунун ачык-айкындуулугун, объективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасынын (АИС «Мугалим») базасында талапкерлерди тандоонун санариптик механизмин киргизүү маселеси талкууланды.

Белгилей кетсек, мындан ары талапкерлерди кароо процесси мугалимдердин электрондук портфолиосунда камтылган маалыматтарды санариптик талдоонун негизинде жүргүзүлөт. Система бекитилген критерийлер боюнча талапкерлердин тизмесин автоматтык түрдө түзөт. Критерийлерге квалификацияны жогорулатуу көрсөткүчтөрү, методикалык жана автордук иштелмелер, кесиптик жетишкендиктер, педагогикалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары, конкурстарга жана башка маанилүү иш-чараларга катышуусу кирет.

Санариптик механизмди киргизүү бардык педагогикалык кызматкерлер үчүн тең шарттарды камсыз кылууга жана адам факторунун таасирин минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар