КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КОРЕЯ УНИВЕРСИТЕТТЕРИ ҮЧ ТАРАПТУУ КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЙДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

24 Февраль 2026 ж. 10:00

Көрүлдү: 262

А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту Корея Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайлары – Dong-eui Institute of Technology жана Kyungdong University менен эл аралык кызматташтык боюнча үч тараптуу келишим түзүштү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова катышты. Ал мектепке чейинки жана кесиптик башталгыч билим берүү тармактарында тажрыйба алмашууну, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууну жана адистерди даярдоо багытында кызматташууну кеңейтүүнү сунуштады.

Келишим академиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана билим берүү менен илим тармагындагы кызматташууну чыңдоого багытталган. Анын алкагында биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, студенттер менен окутуучулар үчүн академиялык алмашууларды уюштуруу, мектепке чейинки билим берүү боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, корей тилин окутуу боюнча окуу борборлорун ачуу каралууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар