Автор: Маалыматтык саясат сектору
20 Февраль 2026 ж. 16:24
Көрүлдү: 146
Бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана орун басары Альберт Махметкулов менен биргеликте Республикалык илимий-методикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Министрликтин жетекчилиги алгач борбордун окуу жана иш бөлмөлөрүн, китепканасын, ошондой эле жатаканасынын шарттарын көрүп чыкты. Андан соң борбордун эмгек жамааты менен жыйын өткөрдү.
Жыйында министр Догдуркүл Кендирбаева бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө жумушчу кесиптерге суроо-талап жогору экенин белгилеп, жумушсуздукту азайтууда кесиптик лицейлердин орду өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
«Ар бир өзгөрүү — бул күрөш. Биз кесипке багытталган билим берүүгө өттүк. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө жумушчу кесиптер биринчи орунда турат. Ошондуктан билим берүү системасы эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келиши зарыл.
Биздин негизги максатыбыз — атаандаштыкка жөндөмдүү, заманбап технологияларды өздөштүргөн, өз кесибин мыкты билген адистерди даярдоо. Бул багытта окуу программаларын жаңылоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу иштерин күчөтөбүз», — деди министр.
Ошондой эле ал кесиптик лицейлердин ишин санариптештирүү маселесине өзгөчө көңүл буруп, «Санарип кампа» жана «АИС мугалим» сыяктуу бирдиктүү маалыматтык базаларды түзүү зарылдыгын белгиледи.
Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акпаралы Карабаев аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, борбордун негизги максаты — баштапкы кесиптик билим берүүнүн мазмунун методикалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчи жана инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу экенин билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы онлайн жана оффлайн форматтарында өткөрүлгөн кесиптик кайра даярдоо курстарынан 900дөн ашуун мугалим өткөн.