ЖЕКЕ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН ТҮЗҮҮ ЖАНА КЕҢЕЙТҮҮ БОЮНЧА КОЛДОО ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА СЫНАКТЫК ТАНДОО ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

20 Февраль 2026 ж. 9:59

Көрүлдү: 318

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) менен биргеликте, Дүйнөлүк банктын колдоосу аркылуу, Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (НПИС) алкагында ишке ашырылып жаткан жеке мектепке чейинки билим берүү уюмдарын (ЖМЧББУ) түзүү жана/же кеңейтүү боюнча программанын катышуучуларын сынактык тандоонун башталганын жарыялайт.

post.title

Программа максаттуу 40 айыл аймакта сапаттуу мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, бала бакчалардагы орундардын санын көбөйтүүгө жана балдар үчүн коопсуз, заманбап жана өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүүгө багытталган.

 

Программанын алкагында 10 000 АКШ долларына чейин (улуттук валютадагы эквивалентинде) гранттык колдоо төмөнкү максаттарга берилет:

- эмерек жана жабдууларды сатып алуу,

- өнүктүрүүчү жана оюн материалдарын алуу,

- топторду жабдуу,

- ЖМЧББУнун ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон башка ресурстар.

 

Сынактык тандоого төмөнкүлөр чакырылат:

- жеке жактар,

- жеке ишкерлер,

- юридикалык жактар.

 

Катышуунун милдеттүү шарттары:

- программанын окутуу этаптарынан өтүү,

- жөнөкөйлөтүлгөн бизнес-планды даярдоо,

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы санитардык жана өрткө каршы талаптарын сактоо.

 

Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 18-февралынан 31-мартына чейин (кошкондо).

 

Арызды төмөнкү шилтеме аркылуу тапшырууга болот:

https://rep.aris.kg/NPIS/Anketa112

 

Программа тууралуу кеңири маалымат:

https://op1.aris.kg/topics/doshkolnoe-obrazovanie

 

 Кошумча маалымат үчүн байланыш телефону:

+996 508 057 205

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар