РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ФЕСТИВАЛДЫ ӨТКӨРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

19 Февраль 2026 ж. 18:11

Көрүлдү: 278

Бүгүн, 19-февралда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында республикалык деңгээлдеги технологиялык фестивалды уюштуруу маселелерине арналган жумушчу жыйын өткөрүлдү.

post.title

Талкууга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борбордун өкүлү, Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) уюмунун Кыргызстандагы координатору, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун жана “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директорлору, Robooky Эл аралык инженердик жана робототехника мектебинин Кыргызстандагы расмий өкүлү, Түркиянын “Маариф” фонду, “Улут Софт” компаниясы жана “Билим Бишкек” инновациялык борборунун  өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө фестивалды уюштуруунун негизги багыттары, өткөрүү аянтчалары, көргөзмөлөрдү жана мастер-класстарды уюштуруу маселелери талкууланды.

Министр фестивалдын негизги максаты — балдардын инженердик ой-жүгүртүүсүн калыптандыруу, аларга кесиптик багыт берүү жана бардык кызыкдар тараптарды бир аянтчага чогултуу экенин белгиледи.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева өлкөдө жүрүп жаткан реформаларда технологияга өзгөчө басым жасалып жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар жана экология сыяктуу тармактарда дрон технологиялары активдүү колдонулуп жатканын билдирди.

Жыйындын жыйынтыгында фестивалды уюштуруу боюнча уюштуруу комитетин түзүү жана жооптуу тармактар боюнча милдеттерди бөлүштүрүү макулдашылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар