РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН III ТУРУНУН АДМИНИСТРАТОРЛОРУ ҮЧҮН ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

19 Февраль 2026 ж. 9:21

Көрүлдү: 215

2026-жылдын 18-февралында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте 2025–2026-окуу жылындагы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын III (облустук) этабын уюштуруу боюнча администраторлор үчүн тренинг өткөрдү.

post.title

Тренингге Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова катышты.

Тренинг администраторлордун кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталды. Алардын негизги милдети- олимпиаданын катышуучулары тапшырмаларды аткаруусу үчүн оптималдуу жана тең шарттарды түзүү. Бул өлкө боюнча облустук этапты өткөрүүнүн бирдиктүү стандартын камсыз кылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар