БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНӨКТӨШТҮГҮ: КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ПАКИСТАНДЫН ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕЛЕРИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

18 Февраль 2026 ж. 16:09

Көрүлдү: 92

Бүгүн, 18-февралда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасындагы Пакистан Ислам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Тараптар мектептик билим берүү тармагындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Атап айтканда, эки өлкөнүн педагогдору жана эксперттери катышкан конференция өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Анда 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу пландалууда.

Элчи өз кезегинде билим берүү тармагында мурда кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдерди жана меморандумдарды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен ишти баштоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мектептик билим берүү багытында жаңы меморандум түзүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун конкреттүү кадамдарын аныктоо боюнча макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар