РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН II ЭТАБЫНА 21 МИҢДЕН АШУУН ОКУУЧУ КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

18 Февраль 2026 ж. 9:48

Көрүлдү: 245

2026-жылдын 11–12-февралында өлкөнүн бардык аймактарында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II (райондук) этабы өткөрүлдү.

post.title

II этапка республика боюнча жалпы 21 844 окуучу катышып, анын ичинен 1 606 окуучу олимпиаданын III (облустук/шаардык) этабына өттү.

Аймактар боюнча III этапка өткөндөрдүн жалпы көрсөткүчү:

  • Бишкек шаары – 2 807 окуучу катышып, 146сы;
  • Ош шаары – 148 окуучу катышып, 34ү;
  • Ысык-Көл облусу – 2 545 окуучу катышып, 189у;
  • Ош облусу – 2 418 окуучу катышып, 230у;
  • Нарын облусу – 2 090 окуучу катышып, 115и;
  • Талас облусу – 1 221 окуучу катышып, 124ү;
  • Баткен облусу – 1 487 окуучу катышып, 181и;
  • Чүй облусу – 3 737 окуучу катышып, 272си;
  • Жалал-Абад облусу – 5 391 окуучу катышып, 315и.

Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлдү:

  • англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;
  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар