МЕЛИСБЕК МУЗУЛМАНОВ МИНИСТРЛИКТИН МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

17 Февраль 2026 ж. 18:31

Көрүлдү: 1066

Бүгүн, 17-февралда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин Мектептеги билим берүү башкармалыгынын жаңы башчысы Мелисбек Музулмановду эмгек жамаатка тааныштырды.

post.title

Мелисбек Музулманов Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы №11-4\25 буйругуна ылайык бул кызматка дайындалды.

Буга чейин ал Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп иштеген.

Өмүр баяны

Илимий даражасы: Педагогика илимдеринин кандидаты
Туулган күнү: 1988-жыл, 30-август
Туулган жери:
Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Жар айылы

Билими: Жогорку билимдүү. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Адистиги: Кыргыз тили жана адабияты мугалими.

Эмгек жолу

  • 2008-2009-жж. – Призма билим берүү борборунун Кеңеш филиалында кыргыз тили боюнча ЖРТга даярдоо курсунун окутуучусу;
  • 2009–2011-жж. – Навои атындагы №18 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • 2011–2013-жж. – Навои атындагы №18 мектеп-гимназиясында тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
  • 2013–2015-жж. – Ош мамлекеттик университетинин «Ыйман» лицейинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
  • 2015–2020-жж. – №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин директору;
  • 2020–2023-жж. – Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика кафедрасынын окутуучусу;
  • 2021–2023-жж. – «Ноокат билимканасы» лицей-интернатынын директору;
  • 2023–2026-жж. – Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти.

Сыйлыктары:

  • 2010-ж. – Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы;
  • 2013-ж. – Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы;
  • 2013-ж. – «Кыргыз тили» коомунун Түштүк аймактык бөлүмүнүн Ардак грамотасы;
  • 2014-ж. – «Жылдын мыкты мугалими – 2014» республикалык сынагынын жеңүүчүсү;
  • 2016-ж. – «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси;
  • 2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы;
  • 2018-ж. – Ооган согушунун ардагерлеринин Россиялык союзунун «Жаштарды патриоттук тарбиялоодогу эмгеги үчүн» төш белгиси.
  • 2018-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төш белгиси.
  • 2019-ж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы.

Илимий изилдөө багыты: Педагогика илимдеринин кандидаты, адистиги – 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (кыргыз адабияты).

Илимий эмгектери жана макалалары:

Монография

  • Музулманов М.У. Мектепте класстан тышкаркы окууну уюштуруунун методикасы: монография. – Бишкек, 2021. – 192 б.

Окуу куралдары

  • Музулманов М.У. Кыргыз адабияты 5–9: класстан тышкаркы окулуучу чыгармалардын хрестоматиясы / К.Акматов, М.Музулманов. – Бишкек, 2017. – 258 б.
  • Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окууну уюштурууга усулдук сунуштар: мугалимдер үчүн илимий-усулдук колдонмо. – Ош, 2021. – 92 б.
  • Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окууну уюштуруу: окурмандын күндөлүгү: мугалимдер үчүн илимий-усулдук колдонмо. – Ош, 2021. – 116 б.

Илимий макалалары

Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окууну уюштуруунун педагогикалык шарттары // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2017. – №1 – 83-87- бб.

Музулманов М.У. Мектептерде класстан тышкаркы окууну уюштурунун жана өткөрүүнү методологиялык негиздери // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2017. – № 1. – 80-83- бб.

Музулманов М.У. 8-9-класстарда класстан тышкаркы окууну өткөрүүнүн методикалык өзгөчөлүктөрү // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2018. – № 2. – 73-77-бб.

Музулманов М.У. Кыргыз адабияты сабагында класстан тышкаркы окууну уюштуруунун айрым маселелери // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2017. – № 1. – 233-237- бб.

Музулманов М.У. Effective Methods and Techniques of Study of Autobiographical Fiction in Senior Forms of a Secondary School / К.Акматов, М.Музулманов, А.Муратов // Journal of History Culture and Art Research – Vol. 8, No. 2. – 2019. – Р. 102-113.

Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окууну уюштуруунун изилдениш тарыхы // ОшМУ жарчысы. – 2019. – № 3. – 221-227- бб.

Музулманов М.У. Aitmatov’s Characters Infusing the Heart of a Child with the Good and Their Study at School / А.Маматова, Б.Зулуев,

М.Музулманов // Lecture Notes in Networks and Systems. -2020. -Т. 129. – Р. 982-990.

Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окууну уюштуруунун жана өткөрүүнүн максаты, милдеттери // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2020. – Атайын чыгарылыш. – 64-68-бб.

Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окуу – кыргыз адабияты сабагында жетишкен билимдерди реализациялоннун тажрыйба аянтчасы // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2020. – Атайын чыгарылыш. – 68-72-бб.

Музулманов М.У. Внеклассное изучение образа учителя в романе Жуная Мавлянова «Ясное небо» /

Музулманов М., Маматова А., Раимбердиева З. // Бюллетень науки и практики – 2020. – №2. – С. 302-309.

Музулманов М.У. Objectives and tasks of organizing and conducting extraordinary learning // ALATOO ACADEMIC STUDIES – 2021. – №2.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар