МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ЖАНА МЕКТЕП ЖАШЫНДАГЫ БАЛДАР ҮЧҮН ЭТНО-НЕГИЗДЕГИ STEAM МОДЕЛИ СУНУШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

17 Февраль 2026 ж. 18:19

Көрүлдү: 141

Бүгүн, 17-февралда, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Бир кутуда – кыргыз дүйнөсү» аттуу ЭтноSTEAM долбоорунун алкагында улуттук баалуулуктарды заманбап STEAM билим берүү модели менен айкалыштырган инновациялык иш-чара өттү.

post.title

Иш-чаранын негизги темасы – дүйнөлүк STEAM концепциясын кыргыз маданияты, салт-санаасы жана этно-мурасы менен айкалыштыруу аркылуу мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн инновациялык билим берүү моделин тааныштыруу болду.

Иш-чарага Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана өнөктөштөр катышты.

Өз сөзүндө Нурзида Касымова улуттук мурасты сактоо менен катар балдардын инженердик ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн жана технологиялык сабаттуулугун өнүктүрүү заман талабы экенин белгиледи.

ЭтноSTEAM – улуттук баалуулуктар менен инновацияны айкалыштырган жаңы билим берүү модели. Долбоор балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, практикалык көндүмдөрүн жана мекенчилдик сезимин өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чара суроо-жооп бөлүгү менен жыйынтыкталып, катышуучулар долбоорду өлкө аймагында кеңири жайылтуу демилгесин колдой турганын билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар