Автор: Маалыматтык саясат сектору
17 Февраль 2026 ж. 17:41
Көрүлдү: 271
Бүгүн, 17-февралда Агартуу министрлигинде 2026-2027-окуу жылына карата базистик окуу планы талкууланды.
Талкууга агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, орун басары Надира Джусупбекова, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева ж.б. катышты.
Талкуу учурунда 3-8-класстар 11 жылдык программадан 12 жылдык билим берүү программасына өтөөрү, ушул класстардагы сааттардын жана сабактардын өзгөчөлүгү, интеграциялоо маселелери каралды.
Ошондой эле 12 жылдыкка өтө турган класстар үчүн окуу китептерин даярдоо маселеси жана окуу пландарын жаңылоо сунуштары талкууланды.