ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР ҮЧҮН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА ОКУТУУЛАР УЮШТУРУЛУУДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору

13 Февраль 2026 ж. 17:09

Көрүлдү: 249

2026-жылдын 11-12-февралында Агартуу министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жана “Ага Хан” фондунун колдоосу менен Ош шаарында окутууларды уюштурду.

post.title

Окутуунун максаты - өспүрүмдөрдүн саламаттыгын коргоо, мектептин ден соолукту чыңдоо комитеттеринин ишин өнүктүрүү, ошондой эле зомбулуктун, жугуштуу оорулардын, эрте никенин, баңгизаттарды колдонуунун, алдамчылыктын, радикализмдин, экстремизмдин жана башка укук бузуулардын алдын алуу боюнча тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарларынын жана социалдык педагогдордун кесиптик потенциалын жогорулатуу.

Окутууга Агартуу министрлигинин тарбия жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Эркимбеков, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелис Музулманов, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү, мектептердин тарбия иштери боюнча директорлорунун орун басарлары, социалдык педагогдор жана медициналык кызматкерлер катышты.

Окутуунун алкагында иш процессинде колдонуу үчүн атайын иштелип чыккан усулдук колдонмолор, презентациялар жана видеоматериалдар таратылды.

Ошондой эле, Алай районуна караштуу Жаңы Алай айылындагы мектептин ден соолукту чыңдоо комитетинин ишине мониторинг жүргүзүлүп, иштелип чыккан усулдук колдонмолор, видео тасмалар менен камсыз кылынды.

Белгилей кетсек, окутуулар Кыргызстандын бардык аймактарындагы педагогикалык кызматкерлер үчүн этап-этабы менен өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар