АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ КЛИМАТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА АСТАНА ШААРЫНДА ӨТКӨН ЖОЛУГУШУУГА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

13 Февраль 2026 ж. 17:02

Көрүлдү: 137

2026-жылдын 12-13-февралында агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова Астана шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн экология жана билим берүү тармагындагы министрлеринин орун басарларынын жолугушуусуна катышты. Иш-чара 2026-жылдагы Аймактык экологиялык саммитке утурлай уюштурулду.

post.title

Жолугушуунун негизги максаты «Балдар, жаштар жана климат» аттуу жогорку деңгээлдеги тегерек столдун алкагында бекитүү пландалып жаткан «Жашыл мектептер» аймактык платформасынын концепциясын талкуулоо болду.

Катышуучулар аймактагы чек аралык экологиялык чакырыктардын күч алышы шартында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу билим берүү системаларын калыптандыруу маселелерин карашты.

Надира Джусупбекова Кыргызстанда билим берүүнү экологиялаштыруу багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана учурдагы абал тууралуу маалымат берип, ресурстарды үнөмдөө, мектеп инфратүзүмүнүн коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле экологиялык темаларды окуу программаларына интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Өлкөдө климаттык туруктуулукка ээ болгон 120га жакын мектеп иштеп жатат, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда, курулуш нормалары жаңыртылып, «жашыл мектеп» стандарттары иштелип чыгууда.

Жолугушуу Казакстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Казакстандагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулду.

Талкуулардын жыйынтыгында климатка багытталган билим берүү системаларын өнүктүрүү боюнча макулдашылган ыкмалар иштелип чыгып, «Жашыл мектептер» аймактык платформасын мындан ары илгерилетүүнүн практикалык кадамдары аныкталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар