Автор: Маалыматтык саясат сектору
13 Февраль 2026 ж. 16:53
Көрүлдү: 117
Astana IT University Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарын дрон-рейсинг жана авиамоделдөө боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык AITU KazRoboDrone конкурсу жөнүндө маалымдайт. Иш-чара 2026-жылдын 19-20-февралында Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтөт.
AITU KazRoboDrone конкурсу - бул мектеп окуучулары жана студенттер арасында робототехника, учкучсуз учуучу аппараттар жана инженердик билим берүү тармагындагы компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган эл аралык билим берүү жана технологиялык иш-чара.
Иш-чара жыл сайын туруктуу өсүштү жана билим берүү коомчулугунун жогорку кызыгуусун көрсөтүүдө. Өткөн жылы мелдешке 553 катышуучу катышса, быйыл алардын саны 1 278 адамга жетти. 2026-жылы 10дон ашуун чет өлкөдөн командалардын катышуусу күтүлүүдө.
Конкурска төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү чакырылат:
• жалпы билим берүүчү мектептер;
• колледждер жана техникалык лицейлер;
• жогорку окуу жайлар;
• адистештирилген билим берүү жана жаштар уюмдары.
Конкурска катышууга байланыштуу бардык чыгымдар (жол кире, жашоо, тамак-аш жана башка кошумча чыгымдар) катышуучулардын же аларды жөнөтүүчү уюмдардын эсебинен жабылат.
Бул иш-чара окуучулардын инженердик ой жүгүртүүсүн, практикалык техникалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана эл аралык билим берүү кызматташтыгын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарын бул иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдайбыз.