ЧҮЙ ЖАТАК-МЕКТЕБИ: 70 ЖЫЛ, ЖАҢЫЛАНГАН ШАРТТАР ЖАНА КЕСИПТИК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Автор: Маалыматтык саясат сектору

13 Февраль 2026 ж. 16:48

Көрүлдү: 97

2026-жылдын 12-февралында Догдуркүл Кендирбаева Жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Чүй жатак-мектебине барып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышты.

post.title

Ошондой эле ал жатак-мектептин 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, финансы министринин орун басары Жибек Курманбекова, Чүй районунун акими Эмилбек Абдыкадыров, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) өкүлү жана директору Кожиро Накай жана башка коноктор катышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө былтыр бул жатак-мектептин абалы менен таанышкан учурда шарттар өтө оор болгонун белгиледи.

«Кыска мөөнөттө жүргүзүлгөн капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин натыйжасында окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, имарат толугу менен жаңыланды. Бул жасалган иштер менен эле чектелбестен, кийинки этапта балдардын кесиптик көндүмдөрүн калыптандыруу максатында башка имараттарды да оңдоп, электрик, сантехник, ширетүүчү, ашпозчу, тигүүчү сыяктуу кесиптер боюнча окуу базаларын түзөбүз», — деди министр.

Мындан тышкары ал жатак-мектептин бүтүрүүчүлөрү орто билим тууралуу аттестат менен гана чектелбестен, кошумча кесиптик диплом алып чыгышы керектигин белгилеп, 12 жылдык билим берүүнүн негизги багыттарынын бири — окуучуларды кесипке багыттоо экенин кошумчалады.

Жатак-мектеп республикалык бюджеттен, ошондой эле өнөктөштөр жана демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн каражаттардын негизинде капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Анын алкагында окуу жай ата мекендик өндүрүштөн чыккан трансформер-парталар менен камсыздалып, башталгыч класстын окуучулары үчүн жаш өзгөчөлүгүнө жараша бийиктиги жөнгө салынуучу отургучтар коюлду.

Окуу корпусунун жана №2 жатакананын жылытуу системалары менен терезелери толугу менен алмаштырылып, жаңы эмеректер орнотулду, ашкана заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Мындан тышкары №1 жатаканада электр зымдары, сантехникалык тутум жана ички эшиктер толук жаңыланып, бөлмөлөр менен коридорлор оңдолуп, полго линолеум төшөлүп, дубалдары сырдалды.

1956-жылы негизделген Чүй жатак-мектебинде учурда 140 бала тарбияланып, 18 мугалим жана 9 тарбиячы эмгектенет. Жатак-мектеп бир нөөмөттө иштейт. Окуу корпусунда 14 окуу кабинети, спорт залы, музыкалык кабинет жана студия, актовый зал бар.

Ошондой эле жатак-мектептин аймагында окуучулар үчүн 2 жатакана, китепкана, ашкана, медициналык пункт, тигүү жана жыгач устачылык боюнча устаканалар жайгашкан. Мындан тышкары стадион, спорт жана спорттук-оюн аянтчалары, мончо жана кир жуучу имарат каралган.

Келечекте күнөскана куруу, анын ичинде лимон өстүрүү, ошондой эле балдардын турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн кошумча устаканаларды түзүү пландалууда.

70 жылдык тарыхы бар Чүй жатак-мектеби бүгүн да балдардын келечеги үчүн ишенимдүү тирек болуп, алардын сапаттуу билим алуусуна, кесипке ээ болушуна жана коомдо өз ордун табышына шарт түзүп келет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар