Автор: Маалыматтык саясат сектору
11 Февраль 2026 ж. 16:46
Көрүлдү: 113
Бүгүн, 11-февралда, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунда «12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы стандарты жана эл аралык тажрыйба» аттуу семинар өткөрүлдү.
Иш-чарага окумуштуулар, эксперттер, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, магистранттар жана студенттер катышты. Семинар 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандартынын мазмунун жана артыкчылыктарын кеңири кароого, эл аралык практиканы интеграциялоо жолдорун аныктоого жана аны ишке ашыруу боюнча так сунуштарды иштеп чыгууга багытталды.
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова бала бакчалар 12 жылдык билим берүүнүн пайдубалы экенин белгиледи. Ал эрте өнүгүүгө инвестиция салуу, инклюзивдүү чөйрө түзүү, STEAM элементтерин жана оюн аркылуу окутууну киргизүү, санариптик жана финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү, ошондой эле ата-энелер менен өнөктөштүктү күчөтүү жаңы стандартты ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги шарттары экенин баса белгиледи.