АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ 2025-ЖЫЛДАГЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

10 Февраль 2026 ж. 17:46

Көрүлдү: 180

Бүгүн, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга жана алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу милдеттерди аныктоого арналган жыйынтыктоочу Коллегиясынын отуруму өттү.

post.title

Коллегиянын отурумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токтобүбү Ашымбаева, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ошондой эле коллегия мүчөлөрү, билим берүү тармагынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Отурумдун ачылышында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкө башчысынын колдоосу менен билим берүү тармагында масштабдуу жана татаал реформалар ишке ашырылып жатканын белгиледи. Ал 12 жылдык билим берүү системасына өтүү татаал болгонуна карабастан, жетишилген жыйынтыктар билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан ырааттуу жана системалуу реформалардын натыйжасы экенин баса белгиледи.

Коллегиянын жүрүшүндө 2025-жылдагы билим берүү тармагынын негизги көрсөткүчтөрүн жана жетишкендиктерин камтыган видеоматериал көрсөтүлдү. Анда калктын билим берүү системасына болгон ишениминин өсүшү, мектепке чейинки, мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүүдөгү жетишкендиктер, мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруу, окуу программаларын жаңыртуу, билим берүү объектилеринин курулушу, санариптик билим берүү платформаларын киргизүү жана окуу китептери менен камсыздоо боюнча аткарылган иштер чагылдырылды.

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө 2025-жыл билим берүү системасы үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү жана татаал жыл болгонун белгиледи.

“Бир эле мезгилде бүтүндөй мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу, ошол стандарттарга ылайык окуу китептерин даярдоо, адаптациялоо жана аларды кыргыз билим берүү саясатына ылайыкташтыруу иштери жүргүзүлдү”, - деди министр.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева мугалимдердин жаңы көндүмдөрүн калыптандыруу, тренерлер корпусун даярдоо жана методикалык окутууларды өткөрүү иштери үзгүлтүксүз уюштурулуп, билим берүү тармагына санариптик платформалар толугу менен киргизилгенин белгиледи.

Министр алдыдагы мезгилде кадрдык саясатка өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, мектеп директорлорун тандоонун жаңы, заман талабына жооп берген жобосу бекитилүү алдында турганын маалымдады. Мындан ары кадрларды бекемдөө, адистиги боюнча иштөөнү камсыз кылуу жана алардын кесиптик компетенцияларын жогорулатуу багытында чечкиндүү чаралар көрүлөрү айтылды.

Мындан тышкары, санариптик билим берүү платформаларынын аналитикалык маалыматтарынын негизинде эң мыкты жана көрсөткүчү төмөн 10 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аныкталганы маалымдалды. Анализ мугалимдер менен иштөө, окуу китептери менен камсыз кылуу, окуучулар арасындагы тартип, методикалык ишмердүүлүк жана башка бир катар критерийлердин негизинде жүргүзүлгөн.

Ошондой эле министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев 2026–2027-окуу жылына карата мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкаркы жана башталгыч кесиптик билим берүү багытындагы трансформациялоо пландары тууралуу доклад менен чыгып, алдыдагы реформалардын негизги багыттарын тааныштырды.

Коллегиянын жыйынтыгында билим берүү тармагын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү тапшырмалар, сунуштар жана чечимдер кабыл алынды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар