Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Февраль 2026 ж. 14:54
Көрүлдү: 135
Бүгүн, 10-февралда, Бишкек шаарындагы «Красный Строитель» конушунда жайгашкан №67 «Баластан» мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин салтанаттуу түрдө ачылды.
Ачылышка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, ошондой эле конуштун тургундары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жаңыланган бала бакчанын имараты жана балдар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышышты.
Капиталдык оңдоп-түзөө жана заманбап чечимдерди колдонуу аркылуу бала бакчанын сыйымдуулугу 140тан 246 балага чейин көбөйтүлдү. Жалпы аянты 1488,4 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат толугу менен жаңыланды. Айланасы көрктөндүрүлүп, балдардын коопсуз жана активдүү эс алуусу үчүн алты оюн аянтчасы орнотулган.
Маалымат үчүн: Бала бакчанын имараты 1984-жылы курулуп, 1991-жылга чейин иштеп келген. Кийинки жылдары мекеме жеке менчикте болуп, башка максаттарда пайдаланылган. 2019-жылы имарат Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жардамы менен муниципалдык менчикке кайтарылып, 2022-жылы 140 орундуу бала бакча катары муниципалитетке өткөрүлүп берилген.