Автор: Маалыматтык саясат сектору
6 Февраль 2026 ж. 14:42
Көрүлдү: 675
2025-жылдын 5-февралында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы №43 кесиптик лицейге Сокулук районунда жайгашкан №106 кесиптик лицейдин жамааты тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен келишти.
Иш-чаранын жүрүшүндө №43 кесиптик лицейдин мугалимдери өздөрүнүн иш тажрыйбасы, сабак өтүүдө колдонгон заманбап ыкмалары, жетишкен ийгиликтери жана ишмердүүлүк учурунда кездешкен кыйынчылыктар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Ошондой эле мугалимдер окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун жана активдүүлүгүн арттырууда колдонулган методдор менен бөлүшүп, практикалык мисалдарды сунушташты.
Лицейдин өндүрүштүк окутуунун устаты Нургул Абылкасымова өндүрүштүк окутууну жана практиканы уюштуруу тартиби, ошондой эле окуу процессинде керектелүүчү чыгымдарды табуунун жолдору тууралуу баяндап берди.
Аталган тажрыйба алмашуу иш-чарасы педагогдордун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, бири-биринен жаңы ыкмаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү үйрөнүүгө өбөлгө түздү.