Автор: Маалыматтык саясат сектору
5 Февраль 2026 ж. 19:10
Көрүлдү: 321
Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Манас шаарынын жарандарын жеке кабыл алып, алардын кайрылууларын укту.
Жарандар тарабынан Жалал-Абад облустук балдардын техникалык-чыгармачылык борборунун имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалда экени, жаңы имарат куруу зарылдыгы, ошондой эле жеке менчик мектептин базасында кечки мектеп ачуу маселелери көтөрүлдү.
Мындан тышкары, көркөм сүрөт мектебинде штаттык бирдиктерди көбөйтүү, мектеп директорлорунун конкурсуна даярдык көрүү үчүн алдын ала даярдоо программасын иштеп чыгуу зарылдыгы боюнча сунуштар айтылды.
Министр жарандардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү орун басарларына жана жооптуу кызматкерлерге жеринде тапшырмаларды берип, сунуштарды даярдоону милдеттендирди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын агартуу министри эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт.