Автор: Маалыматтык саясат сектору
5 Февраль 2026 ж. 16:15
Көрүлдү: 289
2026-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде орус тили жана адабияты боюнча окуу китептерин адаптациялоо жана жеткирүү маселелерине арналган Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги менен видеоконференция өттү.
Видеоконференцияга Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов, ошондой эле Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин жана «Просвещение» басма үйүнүн өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө орус жана кыргыз тилдеринде окутуу жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 3, 4, 6 жана 8-класстары үчүн орус тили жана адабияты боюнча окуу китептерин адаптациялоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштердин учурдагы абалы каралды.
2025-жылдын күзүндө Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 1, 2, 5 жана 7-класстары үчүн «Русский язык и чтение» жана «Русский язык» предметтери боюнча 651 000 окуу китебин жеткиргени белгиленди.
Ошондой эле жолугушуунун алкагында калган окуу китептерин жеткирүү этаптары да каралды. Анын ичинде кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 1, 2 жана 5-класстары үчүн «Русский язык и чтение» предмети, окутуу орус тилиндеги жалпы билим берүү уюмдарынын 5 жана 7-класстары үчүн «Русская литература» окуу китептери жана окутуу кыргыз тилиндеги жалпы билим берүү уюмдарынын 7-класстары үчүн «Русская и мировая литература» окуу китептери бар.
Мындан тышкары, видеоконференциянын катышуучулары белгиленген окуу жүктөмүн сактоо зарылдыгын, окуу китептеринин учурдагы билим берүү стандарттарына шайкештигин камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле материалдарды макулдашуу, иштерди аяктоо жана окуу китептерин билим берүү процессине этап-этабы менен киргизүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.