ТАЖРЫЙБАЛУУ ЖЕТЕКЧИ, УСТАТ КАПАР АБЫКЕЕВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ – НЕКРОЛОГ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

5 Февраль 2026 ж. 11:17

Көрүлдү: 282

Агартуу тармагына өмүрүн арнаган, тажрыйбалуу жетекчи, устат Абыкеев Капар Сатыбалдиевич 2026-жылдын 3-февралында 74 жашында дүйнөдөн кайтты.

post.title

Капар Абыкеев 1952-жылы 18-февралда туулган. 1968-жылы Кара-Суу орто мектебин аяктап, Талас районунун Көк-Ой айылындагы №6 кесиптик-техникалык окуу жайына окууга кирген. 1970-жылы кеңири профилдеги машинист-тракторист кесибине ээ болуп, ошол эле жылы Ташкент шаарындагы №2 индустриалдык-педагогикалык техникумга тапшырып, 1974-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.

Эмгек жолун ошол эле жылы №6 кесиптик-техникалык окуу жайына өндүрүштүк окутуунун чебери болуп баштаган. 1977-жылы аталган окуу жайдын Ак-Сай филиалын жетектеген. 1984-жылы Ленинград шаарындагы Жуков атындагы университетте 10 айлык француз тилин окуган.

1985-жылы Талас районунун Ак-Сай айылындагы №110 кесиптик-техникалык окуу жайына директор болуп дайындалып, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон. 1986–1988-жылдары Афганистан Республикасында кесиптик окуу жайларда кеңешчи болуп иштеп, эл аралык деңгээлде тажрыйба топтогон.

1988–1993-жылдары №6 кесиптик-техникалык окуу жайында ага чебер болуп эмгектенген.1994-жылы №110 кесиптик лицейине кайрадан директор болуп дайындалып, 2023-жылдын 5-июлуна чейин үзүрлүү иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

Капар Сатыбалдиевич көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик жана тармактык сыйлыктарга татыган, алардын катарында:

  • 1983-жылы – «Коммунисттик эмгектин ударниги»;
  • 1986-жылы – «Отличник профтехобразования СССР» төш белгиси;
  • 1986-жылы – Кыргыз ССРинин кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн Ардак грамотасы;
  • 1988-жылы – «Благодарный Афган элинин медалы»;
  • 1992-жылы – СССРдин кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн Ардагери;
  • 1995-жылы – «Манас–1000» Ардак грамотасы;
  • 1995-жылы – Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук Кеңешинин Ардак грамотасы;
  • 1999-жылы – КР Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине караштуу кесиптик-техникалык билим берүү башкармалыгынын грамотасы;
  • 2004-жылы – «Талас облусуна 60 жыл» төш белгиси;
  • 2005-жылы – КР Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Ардак грамотасы;
  • 2014-жылы – Россиялык Афганистан ардагерлер союзунун «Орден за заслуги» ордени.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар