ОКУУЧУЛАРДЫ ЖРТга ДАЯРДОО ҮЧҮН АКЫСЫЗ ТИРКЕМЕ ИШТЕЛИП ЧЫГУУДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору

4 Февраль 2026 ж. 16:40

Көрүлдү: 522

Бүгүн, 4-февралда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде мектеп окуучуларын жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдоо үчүн иштелип жаткан мобилдик тиркеме талкууланды.

post.title

Долбоор тесттик материалдарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана өлкөнүн бардык абитуриенттери үчүн тең даярдык мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган. Тиркемеге ЖРТга кирген бардык предметтер боюнча суроолорду жайгаштыруу пландаштырылууда.

Тапшырмалар мурунку жылдарда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) тарабынан түзүлгөн тесттердин негизинде иштелип чыгууда.

Учурда долбоор текшерүү баскычында турат. Тиркеме тиешелүү адистер тарабынан мазмуну текшерилгенден кийин ишке киргизилет жана акысыз жеткиликтүү болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар