Автор: Маалыматтык саясат сектору
4 Февраль 2026 ж. 16:22
Көрүлдү: 362
Бүгүн, 4-февралда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курулуп жаткан “Акылман” президенттик лицейине барды.
360 окуучуга ылайыкталган лицей үч кабаттан турат.
Окуу жайда заманбап окуу класстары, робототехника кабинети, лаборатория, демонстрациялык кабинет, кулинария кабинети, металл жана жыгач иштетүү устаканалары каралган.
Мындан тышкары, окуучулардын шартын камсыздоо үчүн ашкана, китепкана, спорт залы, бассейн жана жатакана курулат.
Андан соң министр Манас шаарындагы №75 жана Акимжан Машаев атындагы №36 кесиптик лицейлерине барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, мугалимдери жана окутуучулары менен баарлашты.