МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА БАРАТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

4 Февраль 2026 ж. 12:25

Көрүлдү: 276

2026-жылдын 4-5-февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева расмий иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат.

post.title

Иш сапардын алкагында министр Манас шаарындагы бир катар жалпы жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын учурдагы абалы, окуу процесстеринин уюштурулушу менен таанышат.

Ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында колдонулуп жаткан “Алтын казык” ноутбуктарынын, санариптик билим берүү платформаларынын билим берүү процессинде пайдаланылышы боюнча мугалимдер менен пикир алышат.

Мындан тышкары, агартуу министри Манас шаарында салынып жаткан “Акылман” президенттик лицейинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышат.

Иш сапардын жүрүшүндө министр шаардын жарандарын кабыл алып, билим берүү тармагына байланыштуу көтөрүлгөн маселелерди жана сунуштарды угат.

Бул иш сапар билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жеринде талдоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган актуалдуу маселелерди аныктоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатын көздөйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар