Автор: Маалыматтык саясат сектору
2 Февраль 2026 ж. 17:09
Көрүлдү: 199
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2025-жылга карата мамлекеттик органдарга болгон Калктын ишеним индексинин интеграцияланган жыйынтыгын чыгарды.
Жарыяланган маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине Калктын ишеним индекси 2024-жылга салыштырмалуу 11,4% га өсүп, 48,7% ды түздү.
Калктын ишеним индекси аймактар боюнча тандалма анонимдик сурамжылоо негизинде эсептелет жана үч негизги көрсөткүчтү камтыйт:
* жарандардын мамлекеттик органдын ишине жеке ишениминин деңгээли,
* коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугу,
* мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын жана иштин сапаты.
көрсөтүлгөн кызматтардын жана мамлекеттик органдын ишинин сапаты.
Калктын ишеним индексинин максаты —мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине болгон калктын ишеним деңгээлин баалоо.