БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЧАРБАЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

30 Январь 2026 ж. 17:23

Көрүлдү: 70

2026-жылдын 29-январда Бишкекте БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте «Мектептик тамактануу жаатындагы институционалдык түзүмдү баалоо жана өркүндөтүү» долбоорунун алкагында семинар өткөрдү.

post.title

Иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү катышты.

Семинардын жүрүшүндө мектеп алдындагы чарбаларды билим берүү процесси менен айкалыштыруу, аларды предметтер аркылуу практикалык үйрөтүүдө колдонуу, окуучуларда жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Долбоордун алкагында мектептик тамактануу системасын жөнгө салуучу учурдагы ченемдик база комплекстүү талданат. Санитардык-гигиеналык нормалар жана эрежелер заманбап талаптарга ылайык жаңыланат. Ошондой эле мектептер үчүн туура тамактануу боюнча жетектөөчү принциптер иштелип чыгат. Анын негизине актуалдуу илимий изилдөөлөр жана Кыргызстан үчүн салттуу азык-түлүктөр алынат.

Мындан тышкары, пилоттук мектептерде демонстрациялык аянтчалар жана мектеп жанындагы бакчалар түзүлөт. Бул окуучулар менен мугалимдерге алдыңкы агротехнологияларды колдонуп өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана инновациялык тажрыйбаларды жайылтууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 23-январында Агартуу министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаева БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрү менен жолугушууда билим берүү уюмдарында практикага багытталган окутууну күчөтүүнүн, анын ичинде бакчаларды жана мектеп алдындагы чарбаларды уюштуруунун маанисин белгилеген.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар мектеп алдындагы чарбаларды өнүктүрүү багытында тажрыйба алмашууну жана практикалык кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар