БИР АККРЕДИТАЦИЯЛЫК АГЕНТТИКТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ТААНУУ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

30 Январь 2026 ж. 17:05

Көрүлдү: 78

Бүгүн, 30-январда, агартуу министринин орун басары Альберт Махметкуловдун катышуусунда Улуттук аккредитациялык кеңештин (УАК) кезектеги жыйыны болуп өттү.

post.title

Жыйында “Билим стандарт” аккредитациялык агенттигинде мурда аныкталган одоно кемчиликтер жоюлбагандыгына жана УАКтын бир катар чечимдерин аткарбагандыгына байланыштуу, аталган уюмдун аккредитациялык агенттик катары таанылышын 6 айга токтотуу чечими кабыл алынды.

Андан тышкары министрликтин реестринде турган 6 аккредитациялык агенттиктин 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчеттору угулуп, алардын негизинде берилген сунуштар талкууланды.

УАКтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, аккредитация өткөрүү процедураларын агенттиктер жана окуу жайлар тарабынан так сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, аккредитациялоо тармагындагы ишти өркүндөтүү максатында ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлөрү маалымдалды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар