Автор: Маалыматтык саясат сектору
30 Январь 2026 ж. 16:05
Көрүлдү: 76
2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Австриянын Федералдык каржы министрлигинин өкүлү Михаэль Маттиащиц менен жолугушту.
Жолугушуу 27-январда Австриянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү агенттигинин, ошондой эле Австриянын өнөктөш уюмдары жана окуу жайларынын катышуусунда өткөн онлайн-жолугушуунун уландысы болду.
Анда тараптар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туризм мектебин түзүү долбоорун талкуулашкан. Кыргыз тарап жаңы типтеги мектептин инфраструктурасын, тоо туризми тармагында адистерди даярдоого каржылык жана методикалык колдоо көрсөтүү сунушун киргизген.
Австриянын Федералдык каржы министрлигинин өкүлү М. Маттиащиц мындан аркы сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирип, демилгени колдоп, каржылоо маселелери Австриянын мамлекеттик жана жеке институттары менен талкууланарын белгиледи.
Министр Д. Кендирбаева мындай долбоорлорду ишке ашыруу туристтик билим берүүнү өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.