Автор: Маалыматтык саясат сектору
30 Январь 2026 ж. 15:44
Көрүлдү: 70
2026-жылдын 29-30-январында агартуу министринин санариптештирүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында шаардагы бир катар мектептерге барды.
Ал №57 Хабибулло Тажиматов, №1 Муса Адышев, №2 Тапык Отунчиев жана №42 «Керме-Тоо» жалпы билим берүү мектептеринде болуп, санариптик платформалардын, анын ичинде «Э-Күндөлүк» системасынын колдонулушу, жаңы окуу китептерин пайдалануу менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Лира Самыкбаева мектеп жетекчилери жана мугалимдер менен баарлашып, алардын пикирлерин жана сунуштарын укту.