Автор: Маалыматтык саясат сектору
30 Январь 2026 ж. 10:32
Көрүлдү: 126
Бүгүн, 29-январда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында министрдин орун басарлары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана донордук түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышкан жыйын өттү.
Жыйында 12 жылдык мектептик билим берүүнү киргизүүнүн биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча мониторинг жүргүзүү жана аналитикалык баа берүү маселеси каралды. 12 жылдык билим берүүнү киргизүүнүн баштапкы этаптарында жетишилген жыйынтыктарды аныктоо максатында анкеталык сурамжылоо жана байкоолордун маалыматтарына негизделген комплекстүү талдоо жүргүзүү пландалды.
Министрдин айтымында анализ реформанын алгачкы жыйынтыктары боюнча объективдүү көрүнүштү алууга, кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугун аныктоого, ошондой эле көйгөйлүү багыттарды, жетишкендиктерди жана 12 жылдык билим берүүнү киргизүүнүн кийинки этаптарын тууралоо үчүн зарыл болгон багыттарды белгилөөгө мүмкүндүк берет.
Өзгөчө көңүл педагогдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча маалыматтарды талдоого, предметтик стандарттар менен окуу программаларынын практикалык колдонулушуна баа берүүгө, ошондой эле электрондук билим берүү ресурстарынын жана санариптик платформалардын, анын ичинде Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун жана «Окуу китеби» басма үйү” мамлекеттик мекемесинин порталдарынын колдонулушунун натыйжалуулугуна бурулат.
Мындан тышкары мониторингдин алкагында мугалимдер тарабынан «Мугалим», «Күндөлүк» жана башка санариптик автоматташтырылган маалыматтык системаларды өздөштүрүү деңгээлине баа берүү, ошондой эле башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда колдонулуучу бул системаларга киргизилген маалыматтардын тактыгы, актуалдуулугу жана толуктугу талданат.
Мониторинг Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлөт.