Автор: Маалыматтык саясат сектору
29 Январь 2026 ж. 17:32
Көрүлдү: 72
Бүгүн, 29-январда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева белгиленген графикке ылайык министрликтин коомдук кабылдамасы аркылуу алдын ала жазылган жарандарды жеке кабыл алды.
Кабыл алууда жарандар билим берүү тармагына байланышкан бир катар маселелер жана сунуштар менен кайрылышты.
Атап айтканда, бала бакча ачуу жана мектеп куруу, мектептерде авто ишин окутуу жана дене тарбия сабагына кошумча толуктоолорду киргизүү сунуштары, англис тили боюнча олимпиада уюштуруу демилгеси, мектеп директорлорунун ишине байланыштуу нааразычылыктар, ошондой эле балдарды мектепке кабыл алуу маселелери айтылды.
Министр жарандардын кайрылууларын угуп, айрым маселелерди жеринде чечип берди. Калган суроолор боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө маселелерди кароо, сунуштарды талдоо жана чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, жарандарды кабыл алуу Агартуу министрлигинин коомдук кабылдамасы аркылуу алдын ала жазылуу негизинде жүргүзүлөт. Байланыш телефону: +996 (312) 62-05-19.