МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА ОКУТУУЛАР СУНУШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

29 Январь 2026 ж. 15:32

Көрүлдү: 82

Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Cayu AI компаниясынын негиздөөчүсү Замир Акимбеков менен жолугуп, жасалма интеллектти билим берүү тармагына интеграциялоо маселелерин талкуулады.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө Замир Акимбеков жасалма интеллекттин тездик менен өнүгүп жатканын белгилеп, мунун эмгек рыногуна тийгизген таасирине токтолду. Анын айтымында, көптөгөн кесиптер автоматташтырылып жаткандыгына байланыштуу кол эмгегине негизделген адистиктерге- атап айтканда, сантехник, механик жана башка техникалык кесиптерге болгон суроо-талап мындан ары да өсөт.

Министр Догдуркүл Кендирбаева бул багытта өлкөдөгү кесиптик лицейлердин базасы чыңдалып жатканын белгилеп, окуучулардын кесип тандоо жөндөмүн эрте калыптандыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ошондой эле мугалимдер үчүн жасалма интеллект боюнча усулдук колдоону уюштуруу зарылдыгын билдирди.

Мындан тышкары, мектептерде Кыргызстандын бардык мектептеринде Жасалма интеллект күнүн өткөрүү пландаштырылууда. Бул күнү информатика сабактары жасалма интеллекттин өнүгүү багыттарына, мүмкүнчүлүктөрүнө жана билим берүүдөгү ролуна арналат.

Тараптар мугалимдер жана окуучулар үчүн жасалма интеллектти окуу процессинде туура жана натыйжалуу колдонуу, ошондой эле ЖИнин жардамы менен өзүн өнүктүрүү боюнча окутууларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Замир Акимбеков химиялык инженерия илимдеринин доктору. Учурда АКШда жасалма интеллекттин негизинде бизнести оптималдаштыруу багытында иш алып барат. Буга чейин ал химия боюнча эл аралык олимпиадалардын катышуучусу болуп, Түркия жана АКШ университеттерин бүтүргөн.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар