КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ТАРБИЯЧЫЛАРЫ ҮЧҮН КУРС УЮШТУРУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

29 Январь 2026 ж. 11:02

Көрүлдү: 114

2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде балдар бакчаларын өнүктүрүү маселелерине арналган тегерек стол өткөрүлдү.

post.title

Иш-чарага Агартуу министрлигинин, Бишкек шаарынын билим берүү департаментинини, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун өкүлдөрү, ошондой эле кыска мөөнөттүү балдар бакчаларынын жетекчилери менен тарбиячылары жана райондордун билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү тармагындагы мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан аралыктан окутуу курсунун долбоору, ошондой эле Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун платформасында 10 күндүк окутуу үчүн “Балалык” онлайн-модулунун долбоордук версиясы сунушталды.

Талкуу негизги кызыкдар тараптардан пикир алууга багытталган. Катышуучулар кыска мөөнөттүү балдар бакчаларынын гана эмес, башка вариативдүү формалардагы балдар бакчаларынын тарбиячыларын окутууга муктаждык бар экенин белгилешти.

Программанын өзгөчөлүгү “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун материалдарынын негизинде кыска мөөнөттүү коомдук балдар бакчаларынын тарбиячыларынын негизги компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган методикалык сунуштардын болушу, анын ичинде дифференцияланган окутуу, STEM-билим берүүнүн негиздери жана “Балалык” программасы.

Тегерек столдун катышуучулары — практик педагогдор, методисттер жана Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкерлери пикирлерин айтып, сунуштарын беришти. Иштелип чыккан курс кийинчерээк эксперттер менен талкууланып, педагогдорду аралыктан окутуу үчүн Республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар