ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАЛАПТАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

29 Январь 2026 ж. 9:39

Көрүлдү: 73

2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Түндүк” ААКтын Санарип билим берүү департаменти менен биргеликте Бишкек шаарындагы Bright International School жеке мектебинин базасында семинар өткөрдү.

post.title

Иш-чарага Бишкек шаары жана Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында жайгашкан 150 жеке менчик мектептин жетекчилери катышты.

Семинардын алкагында катышуучуларга методикалык жардам көрсөтүлүп, “Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасында иштөө тартиби, мектептерге коюлуучу санитардык талаптар жана нормалар, өрт коопсуздугу, билим берүү процессин квалификациялуу окутуучулар менен камсыздоо, лицензиялык контролдоонун шарттары жана талаптары, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана аларга бөгөт коюу маселелери талкууланды.

Агартуу министрлигинин Лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова белгилегендей жеке менчик мектептер тарабынан лицензиялык талаптарды сактоо мыйзамдын милдеттүү талабы.

Ушундай эле семинар 2026-жылдын 6-февралында Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайгашкан жеке менчик мектептер үчүн өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар