ПРЕЗИДЕНТТИН БЕШ ЖЫЛДЫГЫ: 394 МЕКТЕП, 147 БАЛА БАКЧА КУРУЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

28 Январь 2026 ж. 18:04

Көрүлдү: 147

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду.

post.title

Бул мезгил аралыгында өлкө жетекчилигинин колдоосу менен билим берүү системасын трансформациялоо багытында олуттуу иштер аткарылып, социалдык маанидеги объекттердин курулушу кеңири жүрдү.

⚡2021–2025-жылдар аралыгында жалпы 673 билим берүү объектиси бүткөрүлдү. Анын ичинде:

• 394 мектеп жана 147 бала бакча жаңы курулуп,

• 114 мектеп жана 18 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Жылдар боюнча:

📌2021-жылы жалпы 101 билим берүү объектиси пайдаланууга берилди. Анын ичинде:

• 67 мектеп,

• 21 бала бакча курулду;

• 11 мектеп жана 2 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

📌2022-жылы 75 объект бүткөрүлдү:

• 50 мектеп,

• 10 бала бакча курулду;

• 11 мектеп жана 4 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

📌2023-жылы 159 билим берүү объектиси пайдаланууга берилди:

• 124 мектеп,

• 16 бала бакча курулду;

• 19 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

📌2024-жылы жалпы 175 объект бүткөрүлдү:

• 77 мектеп,

• 59 бала бакча курулду;

• 32 мектеп жана 7 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

📌2025-жылы 163 билим берүү объектиси пайдаланууга берилди:

• 76 мектеп,

• 41 бала бакча курулду;

• 41 мектеп жана 5 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар