Автор: Маалыматтык саясат сектору
28 Январь 2026 ж. 16:39
Көрүлдү: 182
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн алкагында жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо максатында авторлорду жана иштеп чыгуучуларды тандоо боюнча сынак өткөрдү.
Сынак “Кыргыз тили” (1–12-класстар), “География” жана “Тарых” (7–12-класстар) предметтери боюнча эки этапта уюштурулду.
Биринчи этапта атайын түзүлгөн калыстар тобу катышуучулардын резюмелерин, кесиптик тажрыйбасын, илимий-методикалык эмгектерин жана компетенттүүлүгүн баалады.
Экинчи этапта талапкерлер берилген тапшырманын негизинде иштелип чыккан долбоорлорун офлайн жана онлайн форматта презентациялап, коргошту.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
Сынактын жыйынтыгына ылайык “Кыргыз тили” предмети боюнча кошумча авторлорду тартуу зарылдыгы аныкталды.
Белгилей кетсек, министрлик окуу китептеринин авторлорун жана иштеп чыгуучуларын тандоо боюнча сынакты 2025-жылдын 10-октябрында жарыялаган https://edu.gov.kg/posts/4527/